Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын маалыматы боюнча, сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.
Баткен облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 4, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган. Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.
Өрттүн басымдуу бөлүгү электр зымдарынын туура эмес туташтырылышан келип чыккан.