Акыркы төрт жылда үй-бүлөлүк зомбулук 5 миңге жакын өскөн

Акыркы төрт жылда үй-бүлөлүк зомбулук 5 миңге жакын өскөн

Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Бул тууралуу кечээ, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин жыйынында айтылды.

Жыйында  “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөрдү каралды.

Бул мыйзам долбоору 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин маалыматында:

 “Үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурлардын өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү.  Алсак, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча ички иштер органдары тарабынан берилген коргоо ордерлеринин саны 2012-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта 2 миң 415тен 7 миң 114кө чейин өсүп жеткен”.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>