Site icon Reporter.kg

Акыркы жарым жылда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы 3,4 пайызга кымбаттады

Жыл башынан бери Кыргызстанда азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 3,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Бактыбек Кудайбергенов  билдирди.

Анын айтымында, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары орточо эсеп менен 1,8 пайызга кымбаттаган. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,1 пайызга, азык-түлүк эмес товарлардын баасы 0,6 пайызга төмөндөгөн.

“Картошка эң көп — 38 пайызга кымбаттап, жашылча 14,4 пайызга, балык 6,6 пайызга, эт 4,6 пайызга, өсүмдүк майы 1,2 пайызга кымбаттады”,-деп айтылат билдирүүдө.

Мониторингдин жүрүшүндө тооктун жумурткасына — 5,4 пайызга, кантка — 3,7 пайызга, унга, күрүчкө — 0,8 пайызга, суюк сүткө — 0,4 пайызга баанын төмөндөшү белгиленди.

2025-жылдын биринчи кварталында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы бардык аймактарда болгон.

Мындан тышкары, баанын максималдуу өсүшү — 3,5 пайызга — Ош облусунда катталган.

Exit mobile version