Site icon Reporter.kg

Акыркы жылдары жөлөк пул алгандардын саны 19 миңге өстү

Акыркы эки жылда аз камсыз болгондорго жөлөк пул алуучулардын саны 19 миң адамга, же 5,6%га өскөн. Бул тууралуу жыйында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Учурда бул жөлөк пулду 359 миң 5 жаран алат.

Министрдин айтымында, пандемиядан улам 2020-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,3% түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 5,2%га жогору.

Кудайберген Базарбаев аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү талдоо үчүн санариптик социалдык картаны киргизүү зарылдыгына токтолду.

«Тарифтик жөлөк пул алган ар бир үй-бүлө тууралуу маалымат ачык болушу керек. Коомчулук адамдын чындап эле жардамды кабыл алган-албаганын дайыма көрүп, көзөмөлдөп турушу керек. Контролдук механизм жардамга муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү талдоо үчүн санариптик социалдык карта болот. Ар бир кадамыбыз так жана калыс болсун», — деди министр.

Exit mobile version