Site icon Reporter.kg

Акжол чемпион: Сербияда Кыргызстандын гимни жаңырды — видео

Кечээ, 11-сентябрда Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн балбан Акжол Махмудов (77 кг) дүйнө чемпиону болду.

Алтын үчүн беттеште Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп, атаандашын биринчи бөлүктө эле жеңип алды. Беттеш 8:0 эсебинде аяктады.

Беттештен кийин сыйлоо аземи болуп, Акжол Махмудовдун жеңишинин урматына Кыргызстандын гимни жаңырып, туусу желбиреди.

Махмудовдун алтыны кыргызстандык балбандардын бул мелдештеги алгачкы байгеси. Мелдеш 10-сентябрда башталган.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Кыргызстандын эгемендик тарыхында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону наамын алган биринчи спортчу болуп калды. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн балбандар күмүш жана коло байге утуп келишкен. Маселен, Канат Бегалиев бир ирет (2006-жыл, 66 кг) жана Жоламан Шаршенбеков эки жолу (2018-жыл, 55 кг; 2021-жыл, 60 кг) дүйнө биринчилигинин күмүш медалын тагынган.

Ошол эле учурда кыз-келиндер, аны менен бирге кыргызстандык балбандардын ичинде күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу бул – Айсулуу Тыныбекова (62 кг). Ал Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону гана болбостон, бул наамга эки ирет татыган. Ошондой эле былтыр 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону атанган. Ал кыз-келиндер, анын ичинде кыргызстандык балбандар арасында дүйнө биринчилигин жеңип, алтын тагынган экинчи балбан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version