Site icon Reporter.kg

Акжол Махмудов Азия чемпионатында күмүш байге утту

77kg GR - Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге утту.

Махмудов таймашты чейрек финалдан баштап, биринчи беттешинде казакстандык балбанды уткан. Андан кийин ирандык спортчуну жеңген.

Алтын үчүн Махмудов япониялык Нао Кусака менен күрөшүп, 2:4 эсебинде жеңилди. Натыйжада ал Азия чемпионатынын күмүш байгесине ээ болду.

Эскерте кетсек, буга чейин Махмудов Азия чемпионатында 3 жолу алтын уткан.

Exit mobile version