Site icon Reporter.kg

Акжол Махмудов Азиянын эң мыкты балбаны болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов быйылкы жылы грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу Азиянын Күрөш уюму (UWW Asia) билдирди.

Ошондой эле аталган уюм кыз-келиндер күрөшүнөн казакстандык балбан кыз Жамиля Бакбергенованы жана эркин күрөштөн япониялык Тайши Нарикунини 2022-жылдагы Азиянын эң мыкты балбаны деп атады.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Акжол Махмудов алгач ирет дүйнө жана экинчи жолу Азия чемпиону атанды. Андан тышкары бир катар эл аралык мелдештерде жеңүүчү, байге ээси болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version