Site icon Reporter.kg

Дүйнө чемпионаты: Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты — видео

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты. 

Турнир бүгүн, 10-сентябрда Белградда башталды.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча катышып, 1/16 финалдык баскычтан баштаган.

Балбан биринчи беттеште бразилиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, андан соң Мексиканын спортчусун 8:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Махмудов Түркиядан келген балбан менен беттешет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version