Грек-рим балбаны Акжол Махмудов (77 кг) Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгесин утту.
Махмудов үчүнчү орун үчүн азербайжандык Санан Сулайманов менен күч сынашты. Беттеш 5:5 эсебинде аяктап, Махмудовдо артыкчылык упайы болгондуктан, жеңишке жетти. Ошентип ал Париждеги Олимпиада оюндарынан коло байге утту.
Бул байге — Акжол Махмудовдун Олимп оюндарындагы экинчи медалы. Ал 2021-жылы Токиодо күмүш байге уткан.