Site icon Reporter.kg

Акжол Махмудов Түркиядан күйөрмандарына салам жолдоду — видео

Бүгүн, 13-августта Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында алтын байге алган балбан Акжол Махмудов (77 кг) кыргызстандык күйөрмандарына салам жолдоду.

Ал Түркияга келип же Кыргызстанда жан үрөп жаткан күйөрмандарга ыраазычылык билдирди.

«Алыстан болобу, жакындан болобу сүрөп турганыңыздарга чоң рахмат», — деди ал.

Учурда Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын капчыгында 5 алтын, 5 күмүш, 3 коло медаль бар.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version