“Ал мени өлтүрүп салат деп ойлогом” Күйөөсү мурдун кесип салган аялдын таржымалы

“Ал мени өлтүрүп салат деп ойлогом” Күйөөсү мурдун кесип салган аялдын таржымалы

Афганистандык Зарка аттуу аял таарынып төркүнүнө кетип калганы үчүн күйөөсү мурдун кесип салган. Жолдошунун кордугуна кабылган келин тууралуу Британиялык BBC үн алгысы материал даярдаган. Тексти “Репортер” кыргызчалап окурмандарга сунуштайт. 

Афганистандын Пакистан менен чектеш аймагындагы кыштактардын биринин тургуну Зарка 18 жашында турмушка чыккан. Аны агасы үйлөнөм деп, аял алганга акчасы жетпей күйөөсүнүн эжелеринин бирине алмашып жиберген.   

Афганистанда аял алаарда эркектер калың катары акча төлөөсү керек. Буга мыйзам чегинде тыюу салынган менен бул салт өтө кеңири жайылган.

Зарканын 10 жылдык никеден кийин 6 жашар баласы бар. Бул окуяга чейин деле күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, далай жолу кордук көргөн.  Бирок 10 жыл ичинде ал уруп-сабоого көнүп бүткөнүн, бирок күйөөсүн мынчалык мыкаачылыкка бараарын ойлобогондугун айтат. 

Бул үрөй учурган окуя үстүбүздөгү жылдын май айында орун алган. Анда кезектеги кордуктан кийин Зарка таарынып, төркүнүнө качып кеткен. Күйөөсү аркасынан барып, кайын журтунан аялын кайтарууну талап кылган. Зарканын атасы жана агасы берейбиз деп, анын куру убадаларына ишенбестигин айтышып, ишеничтүү бирөөнү чакырып келүүнү талап кылышкан.

Ар кандай талаш тартыштардан кийин Зарка күйөөсүнө кайткан. Бирок бул каргашалуу окуянын башы гана эле. Анткени ал үйүнө келгенде күйөөсү аны төркүнүнө кетип, аны туугандарынын жана колу-коңшуларынын алдында уят кылганын айтып ур-токмокко алган.  Аягында күйөөсү бычак менен тап берип, Зарка кошунасынын үйүнө качып барган. 

Кошунасынын үйүнөн күйөөсү аны ата-энеңдин үйүнө жеткизем деп алдап алып чыгып, “эми кайда качасың?” деп кыйкырып бычак менен кол салып, мурдун кесип салган. 

Күйөөсү канга чыланган Зарканы көчөгө таштап кетип калган. Кансыраган келинге кошуналары жардамга келип, жергиликтүү ооруканага жеткизген.

Эки ай азап-кайгыдан кийин, Заркада эми үмүт оту жана баштады. Анткени Залман Хан Ахмадази аттуу дарыгер операция жасап берген соң, мурдунда бир аз шишиктер калганы менен айыгып жатканы ачык байкала баштаган эле. 

Негизи мындай татаал операция 2 миң доллардын тегерегинде турат. Бирок ансыз да тагдырдын кордугуна кабылган келинге дарыгер боору ооруп бекер операция жасап берген. Мындан сырткары Зарка өзү да 500 доллардай жанынан сарптаган.

Бул чуулгандуу окуядан кийин күйөөсү кармалып абакка киргизилген. 

Ортодогу баласы күйөөсүнүн туугандарынын колунда. Баласын сагынганына карабастан, ал аны ала албайт. Анткени атасы менен калууга тийиш, себеп дегенде Зарканын баласын жалгыз багууга мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Бирок көп кыйынчылыктарга карабай азыр Зарканын жашоосунда кубанычтуу учурлар жок эмес. Дарыгерлер операциядан кийинки тааңууну алмаштырып жатканда ал бактылуу үн катты: “Мурдумдун калыбына келгенине абдан бактылуумун. Бул эң жакшы кабар!”

Негизи эл аралык уюмдар Афганистанда  аялдардын укугу боюнча абал оор деп айтып келишет. 

Мисалы БУУнун Афганистандагы сурамжылоосу боюнча, аталган өлкөдөгү 87% аялзаты жок дегенде бир жолу физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылат.

Айрыкча кыз-келиндерге өз жакындары, күйөөсү же болбосо башка эркектер тарабынан бычак менен коркутуулар жана кислота төгүп жиберген учурлары байма-бай кездешет.

[su_image_carousel source=»media: 37360,37361,37362,37363,37364,37365,37366,37367″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>