«Ал романтик эмес» — Айгүл Жапарова жолдошу тууралуу

«Ал романтик эмес» — Айгүл Жапарова жолдошу тууралуу

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова орусиялык «Около политики» гезитине жолдошу менен кантип таанышып калганы тууралуу айтып берген.

Анын айтымында, жолдошу Садыр Жапаров менен жаш кезинен таанышкан.

«Мен дароо айтам — Садыр романтик эмес. Студенттик жылдары, Садыр Бишкекте, мен Караколдо окучумун. Ал мага жума сайын телеграмма жөнөтүп, телефон сүйлөшүүгө чакырчу. Анткени Советтер Союзундагы бирден-бир байланыш болгон. Мен экөөбүз сүйлөшчү күндү күтүп барчумун, бирок эмне жөнүндө сүйлөшөрүбүздү билбей, бири-бирибиздин үнүбүздү угуп койчубуз. Анан үйлөнүү тоюбуз, балдардын төрөлүшү болду. Биздин төрт балабыз бар. Ал эми ар бир баланын төрөлүшү биз үчүн чоң бакыт болду”, — деди Айгүл Жапарова.

Садыр Жапаровдун жубайынын өз фамилясы Асанбаева, бирок көпчүлүк аны жолдошунун фамилясынан таанышат. Ал 47 жашта, Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Каракол шаарындагы медициналык институтту бүтүрүп, кийинчерээк Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогикалык жогорку билимге ээ болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>