Ала-Арча капчыгайында дайынсыз болуп жаткан чет элдик жаран изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар саат 07:25те «Семенов Тянь-Шаньский» чокусун көздөй жол тартышты.
Анткени 14-июлда 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы «Семенов Тянь-Шаньский» чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен.
Издөө иштерине ӨКМдин «Эделвейс» тоодо куткаруу кошуунунан 6 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар кечки саат 21:20да Ала-Арча капчыгайындагы «Хижина Рацека» альплагерине жетишип, түнөккө калышкан.
Издөө иштери улантылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз