Site icon Reporter.kg

Ала-Арча капчыгайында калган орусиялык альпинист куткарылды

Бишкектин четиндеги Ала-Арча капчыгайындагы «Хижина Рацека» альпинисттердин лагеринде бутунан жаракат алган орусиялык альпинист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январда ӨКМге туристтик компаниядан чалуу түшүп, анда Ак-Сай капчыгайындагы «Хижина Рацека» жайында орусиялык Е.Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алганын билдирген.

Жерине ӨКМдин Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын тик учагы саат 13:30да учуп, катуу шамалга карабай, «Рацека» мөңгөсүнөн ары 3800 метр бийиктикке конуп, жабырлануучуну куткарылган.

Турист тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы канааттандырарлык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version