Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушун жакын жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык катталган жерге Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы бөлүмдөн 4 куткаруучу жана кошумча Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган.
Издөө иштерин натыйжасында, суучулдар тарабынан Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.