Site icon Reporter.kg

«Ала-Арча», «TommiMall» соода борборлору. Бир катар объектилер аукционго коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик мамлекеттин балансындагы бир катар объектилер электрондук аукционго коюлганын билдирип, жарандарды катышууга чакырды.

Аукционго Министрлер кабинетинин менчигиндеги төмөнкү жерлер жана имараттар коюлган:

  1. Бишкек шаарынын Ч. Айтматов проспектиси 299В дарегинде жайгашкан 10 миң 740 чарчы метр жер тилкеси менен» Ала-Арча » соода борборунун имараты. Баштапкы наркы– 1 244 312 640 сом.
  2. Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы, Фрунзе көчөсү, 353а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр жер тилкеси. Баштапкы баасы-3 336 900 сом.
  3. Жалпы аянты 67,8 кв.м. батир: Бишкек шаары, Ажыбек Баатыр көчөсү, 1/6-2 үй, 2-батир. Баштапкы баасы — 6 млн 793 миң 800 сом.
  4. Бишкек шаары, Ажыбек-Баатыр көчөсү 1/6-үй, 81-батир дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 90,2 чарчы метр батир. Баштапкы баасы-8 476 800 сом.
  5. «TommiMall» соода борбору, пайдалуу аянты 15 514,8 чарчы метр турак эмес жай, 5000 чарчы метр жер участогу , Бишкек ш., Токомбаев проспектиси, 21/1б дарегинде жайгашкан. Баштапкы наркы– 1013 840 000 сом.
  6. Галерея-миллениум аянты — 2360,9 кв. м турак эмес жай, жер участогунун аянты — 1129 кв.м, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 147/1 дарегинде жайгашкан. Баштапкы баасы — 218 млн 500 миң сом.

Аукционго катышуунун шарттары боюнча маалыматты агенттиктин расмий сайтынан алууга болот:

 

Exit mobile version