Ала-Арчада өлтүрүлгөн кыздын ишин Чүй ОИИББинин жетекчилиги көзөмөлгө алды

Ала-Арчада өлтүрүлгөн кыздын ишин Чүй ОИИББинин жетекчилиги көзөмөлгө алды

Социалдык тармактарда Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында өз үйүндө өлтүрүлгөн 26 жаштагы кыздын өлүмү тууралуу ар кандай пикирлер айтылып, талкуу жүрүүдө. 

Алардын айрымдары бул ишти ички иштер органдары тыкыр көзөмөлгө алуусун өтүнүп, кылмышкерлерди кармоону талап кылышууда. 

https://www.instagram.com/p/CFr2byJJ0OV/?utm_source=ig_web_copy_link

Чүй облустук милициясынын билдиришинче аталган ишти Чүй ОИИББинин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган.

 “Учурда аталган ишти иликтеп, кылмышкерлерди кармоо үчүн министрликтин, облустук башкармалыктын жана Аламүдүн районунун тажырыйбалуу дасыккан адисттеринен топ түзүлүп иштеп жатат.Биздин кызматкерлер ыкчам иш-аракеттерди көрүшүүдө, алар тууралуу тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу айта албайбыз”, — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>