Site icon Reporter.kg

“Ала-Арчада” бутун сындырган россиялык турист куткарылды

Кечээ,  6-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында бутун сындырып алган россиялык жаран ӨКМге  кайрылган.

Министрликтин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун нөөмөттөгү 5 куткаруучусу тартылып, жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, аны тоодон түшүрүшкөн.

Эске салсак, жайкы эс алуу маалында коопсуздукту камсыз кылуу максатында, ӨКМ министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен “Ала-Арча” паркында куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулган.

 

 

Exit mobile version