Site icon Reporter.kg

Ала-Арча капчыгайында тоодон кулап кеткен киши изделүүдө

Ала-Арча капчыгайында тоодон кулап кеткен киши изделүудө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-август күнү Ала-Арча капчыгайынын жогору жагында «Учитель» чокусунан түшүп келе жатып 1 эркек киши тоодон кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине ӨКМдин КДМБнан (Эдельвейс куткаруучулар тобу) 6 куткаруучу тартылып, саат 20:30да Ала-Арча паркына жетишти.

Куткаруучулар «Хижина Рацека» альпинисттердин лагеринде жетишип, кеч киргендигине байланыштуу куткаруу иштери бүгүн, 15-августта жүргүзүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version