Site icon Reporter.kg

Ала-Бакудагы дубалдарынан жарака кеткен мектеп боюнча кылмыш иши козголду

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун Падек айылында Т. Жоробаев атындагы орто мектептин имараты сапатсыз курулгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери тарабынан мектептин курулушуна тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүктөн, ал сапасыз салынган. Андан тышкары сапатсыз салынган мектеп жооптуу кызматкерлер тарабынан пайдаланууга алынган. Мектептин курулушна 59 млн 320 миң сом кеткен.

«Пайдубалынын ичине кум-шагыл ташталбастан, топурак менен толтурулгандыктан ички бириктирүүчү дубалдары (перегородка), ашкана жана ички ажатканасынын, ошондой эле мектептин 1-кабатындагы кээ бир класстык бөлмөлөрдүн полдору 20-40 сантиметрге чейин чөгүп кеткен. Мунун кесепетинен, дубалдарда жаракалар пайда болуп, мектептин имараты окуучуларды кабыл алууга жараксыз абалга келип, жабылып калган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 273-беренеси (сапаты начар курулуш) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Ала-Бука районунун милициясына тапшырылган.

Учурда тергөө аракеттери жүрүүдө.

Exit mobile version