Ала-Бука, Ноокен жана Базар-Коргон районунда сел жүрдү

Ала-Бука, Ноокен жана Базар-Коргон районунда сел жүрдү

5-май күнү кечке жуук нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-май айылында, Ноокен районунун Кызыл-Туу, Базар-Коргон районунун 1-май, Үч-Булак, Сейит-Казы, Сейдикум Кызыл-Октябрь айылдарында, Сузактын Кара-Дарыя айылында жана Малуу-Суу шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сел жүргөн аймактардагы тазалоо иштерине Базар-Коргон райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Селдин кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 6-май күнү райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан такталат. Ошондой эле тазалоо иштери улантылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>