Жалал-Абаддын Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, прокуратуранын тергөөчүсү бүгүн, 14-июнда болжол менен саат 09:40та кармалган. Ал сотто каралып жаткан ишти оң чечип берүү үчүн жарандан 100 миң алып жаткан. Акча анын унаасынан табылып алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз