Site icon Reporter.kg

Ала-Бука районунда 16 жаштагы бала жол кырсыгына кабылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылынын 16 жаштагы тургуну рулду башкара албай калып, жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен айдоочу, жанындагы эки бала оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу ЖКККБдан билдирди.

Окуя кечээ, 11-октябрда саат 23.00 чамасында Падек айылына бара жатып рулду башкара албай оодарылып кеткен. Рулда Жамшидбек Ахмаджанов атасы Косимжан Ахмаджановго таандык «Хавей HFJ 100 LOBO» унаа менен кырсыкка учураган.

Exit mobile version