Ала-Бука жана Токтогул  райондорунан 13 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Ала-Бука жана Токтогул  райондорунан 13 тоннадан ашык кара куурай өрттөлдү

Ала-Бука жана Токтогул  райондорунун аймагында өскөн 13 тоннадан ашык жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.

 “Паутина”  рейдинин алкагында Ала-Бука районунан 3 гектар аянтта жапайы өскөн  кара куурай чабылып,  1 тоннадан кара куурай өрттөлгөн. Ал эми Токтогул районунун аймагындагы 19 гектар жерде өскөн 12 тоннадан  ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынган.

Бул профилактикалык иш-чарага жергиликтүү тургундар, милициянын жана айыл өкмөттүн кызматкерлери катышкан.

Буга чейин Тогуз-Торо жана Аксы райондорунан  10 гектарга жакын аянттагы 3,5 тонна жапайы кара куурайлар жок кылынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>