Ала-Букада эки үйдү суу каптады

Ала-Букада эки үйдү суу каптады

Ала-Бука районунда эки үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-февраль күнү Ала-Бука айылынын Алма-Бак көчөсүндө кар жана муздар ээрип, 2 турак үйдүн короолорун суу каптаган.

Куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан 6 адам тартылып, арыктарды жана көпүрөнүн алдын тазалап, суу каптоо кесепетин жоюшкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>