Ала-Букада милиция өспүрүмдөргө жол эрежелерин түшүндүрүүдө  — сүрөт

Ала-Букада милиция өспүрүмдөргө жол эрежелерин түшүндүрүүдө  — сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өспүрүмдөргө жол эрежелерине байланыштуу түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өспүрүмдөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Райондук ички иштер бөлүмүнүн Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жана ЖКККБнын кызматкерлери өспүрүмдөргө практика түрүндө эрежелерди сактоону көрсөтүшүүдө.

Ар бир окуучу мектепке барып келүүдө жол чийиндеринен өтүү зарылдыгы эскертилип жатат.

Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жаштарга терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы жеткирилүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>