Ала-Букада милиция 3 күн рейд өткөрдү – сүрөт

Ала-Букада милиция 3 күн рейд өткөрдү – сүрөт

Ала-Букада ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук тартип бузууларды алдын алуу жана санитардык нормалардын сакталуусун көзөмөлдөө үчүн 3 күн рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Шеркул Турганбаев билдирди. 

Рейддин биринчи этабында Ала-Бука районунун Өрүктү, Орто-Токой, Достук, Сары-Талаа жана Чолок-Тума айылдарында жол инспекторлору менен биргеликте посттор уюштурулуп, үйлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын алкагында үй-бүлөлүк зомбулукту, мал уурулукту алдын алуу тууралуу жана коронавирус илдетинен сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргөн.

Экинчи этабында түнкү мобилдик топтор түзүлүп, Ала-Бука, Өрүктү, Ак-Там айыл аймактарында, район борборунда жана Жаңы-Шаар, Алма-Бак, Сары-Талаа участкаларында рейддер өткөрүлгөн. 

«Тартип» операциясы учурунда жалпы 2450 адам жашаган 815 кожолук текшерүүгө алынып, райондук ички иштер бөлүмүндө даярдалган атайын эскертме баракчалары таратылган. 

Рейддин жыйынтыгында тургундардын бири атасынан калган сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырса, коомдук жайда мас болуп жүргөндүгү үчүн 1 адамга протокол түзүлгөн.

Ошондой эле алимент төлөөдөн баш тартып, издөөдө жүргөн адам кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Мындан сырткары алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

[su_image_carousel source=»media: 49185,49186,49187,49188,49189,49190,49191″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>