Site icon Reporter.kg

Ала-Букада обцервацияда жаткан аял каза болду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 82 жаштагы тургуну COVID-19 коронавирустан каза болгон жок. Анын ПЦР анализи терс жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

«Өлүмүнүн себеби – буга чейинки өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткендиги. Ал 17-мартта чет өлкөдөн келип, анда клиникалык белгилери болгондуктан стационардык дарыланууга жаткырылган. Жакындарына көӊүл айтабыз”, — деди Мамбетов.

Exit mobile version