Site icon Reporter.kg

Ала качуу тууралуу тартылган тасма «Оскар» сыйлыгын алышы мүмкүн — видео

“Ала качуу – Take and Run” кыска метраждуу тасмасы Америка киноакадемиясынын “Эң мыкты кыска метраждуу тасма” номинациясынын шорт-листине кирди. Бул тууралуу Оскардын расмий сайтында маалымдалды.

Немис режиссёру Мария Брендлдин “Ала качуу – Take and Run” кыска метраждуу тасмасы Кыргызстанда 2019-жылы тартылган. Тасма кыргыз тилинде.

Тасманын бет ачары 2020-жылы болгон. Бул убакыттын ичинде чыгарма бир нече киносыйлыктарды алууга жетишти.

Оскар сыйлыктары 2022-жылдын 27-мартына белгиленген.

Exit mobile version