Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда ок аткан адам издөөгө алынды

Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда ок аткан адам издөөгө алынды

Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда ок аткан адам издөөгө алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 264-берене (массалык башаламандык) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Анын алкагында видеодого тапанчадан ок атып жатканы түшүп калган белгисиз адам издөөгө алынган.

«Ала-Тоо» аянтында ок чыгарган Азият түспөлүндөгү адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. «Урматтуу жарандар, социалдык тармактарга жана ЖМКларга жарыяланган видеодогу адамдын жүргөн жери маалым болсо, милиция кызматкерлерине билдирип, күнү-түнү байланышта болгон 102 номуруна чалып коюуңуздарды суранабыз», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун тарапташтары кагышып, бир канча адам жаракат алган. Ал жерде ок атылып, айрым адамдар ур-токмокко алынганы кабарланган.
Кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги аянттагы баш аламандыкта 5 киши жаракат алгандыгын, алардын үчөө ооруканага жаткырылып, экөө алгачкы жардамдан кийин кайра кеткендигин кабарлашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>