Site icon Reporter.kg

Митингчилер Бабановду желим бөтөлкө менен уруп, сүйлөтүшкөн жок

Бишкек шаарынын борбордук аянтында эски саясатчылардын бийлике келишине каршы болгондор митинг өткөрүп жатат. Тирбунага чыгып сүйлөп жаткандардын арасында «Реформа», «Ата-Мекен» саясий партияларынын өкүлдөру жана жарандык активисттер бар.

Митингдин катышуучуларынын айрымдары «эскилерди бийликке  жолотпоо керек»,  “люстрация” деп кыйкырып жатышат. Алар аянтка келген  Өмүрбек сүйлөшүнө мүмкүнчүлүк беришпей, желим бөтөлкөлөр менен ургулашты.

Exit mobile version