Борбордук аянттагы туу түшүрүлүп, “Ала-Тоо” реконструкциялоого жабылды.
Мэриянын маалыматында, аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.
Анын алкагында желексап дагы 45 метрден 100 метрге чейин узартылат.
Оңдоо иштери 31-августка чейин жүрүшү күтүлөт. Бул убакытта аянтта Ардак кароол дагы турбайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз