Site icon Reporter.kg

Алагөзов: Эл колдобосо, гимнди өзгөртүүгө зарылдык болбойт

Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, тууну өзгөртүлөт деп Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өз пикирин гана айткан.

«Анткен менен бул пикир коомчулукта, социалдык тармакта азыр эле кызуу талкууга жол ачты. 

Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. 

Бул болсо бир топ убакытты алат. Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок», — деди ал.

Ал белгилегендей, көпчүлүк эл колдобосо, азыркы гимнди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт.

Exit mobile version