“Алай” клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус табылды

“Алай” клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус табылды

“Алай” футболдук клубунун дагы бир оюнчусунан коронавирус табылды. Бул маалымат клубдун “Фейсбуктагы” расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин оюнчулардын дене табы көтөрүлгөндүгү байкалган соң текшерүү өткөрүлүп, бир оюнчудан вирус табылган.

Учурда илдет жуктуруп алган оюнчулар ооруканага жеткирилсе, калган футболчулар 14 күнгө, А. Суюмбаев стадионунун жатаканасына, обсервацияга жаткырылган.

Белгилей кетсек, “Алай” футбол клубу – Кыргызстандын төрт жолку чемпиону жана Кыргыз премьер-лигасындагы алдыңкы клубдардын бири. Клуб 1960-жылы түптөлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>