Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылып, колдонууга берилди. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.
Аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемия маалында зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп — түзөө , жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды.
Учурда толук бүткөрүлүп, жабдылган портативдуу рентген да орнотулган оорукана, коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат.