Алайда өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин аркасында чиедей 2 уулу калды

Алайда өлтүрүлгөн милиция кызматкеринин аркасында чиедей 2 уулу калды

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Алай районунда өлтүрүлгөн милиция кызматкери тууралуу кеңири маалымат берди.

Ага ылайык, каза болгон 32 жаштагы милициянын лейтенанты Нурланбек Эркулов үй-бүлөлүү болгон. Аркасында жубайы, 4 жана 2 жаштагы уулдары калган.

Ал 1989-жылы 27 июль күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айылында төрөлгөн.

2010-2011-жылдары 2024 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. 2012-2017- жылдары 71137 аскер бөлүгүндө кызматкер, 2019-жылдын 15-мартынан өмүрүнүн аягына чейин Алай РИИБнин милициянын участкалык уполномоченныйы кызматын аркалап келген.

«Ош олустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы  маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Нурланбек Ибрагимжановичтин жаркын элеси кесиптештеринин эсинде түбөлүктө сакталат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-январда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө суусунан милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда мас абалындагы тааныштары пикир келишпестиктен улам сабап өлтүрүп, кийин сууга ыргытып жиберишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>