Site icon Reporter.kg

Алайда дарыгерлерге заманбап жатакана берилди

Алайда дарыгерлер үчүн 20 батирлүү заманбап жатакана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактагы өкүлчүлүк маалымдады.

Имарат буга чейин оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү катары иштеп келген.

Батир дарыгерлердин муктаждыгына жараша бөлүштүрүлөрү айтылды. Учурда жатаканага 14 дарыгер жана 6 медкызматкер үй-бүлөсү менен, жалпысынан 53 адам жайгаштырылды.

Exit mobile version