Алайда кар көчкүнүн алдында калган баланын жансыз денеси табылды

Алайда кар көчкүнүн алдында калган баланын жансыз денеси табылды

Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында кар көчкүнүн алдында калган 2007-ж.т. Э. уулу Б. аттуу баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн жерине издөө иш-чаралары улантылып, ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, жергиликтүү тургундардан 20 адам, «Ош-Пирим-Транс» ЖЧКдан 1 экскаватор тартылган. Саат 09:20да баланын жансыз денеси кар көчкүнүн астынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>