Алай районунун Таш-Коргон айылында аянты 180 чарчы метр мечит толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 28-январга караган түнү болгон.
Кырсыкка эмне себеп болгонун адистер азыр тактап жатышат.