Site icon Reporter.kg

Алайда унаа сууга кулап, 6 жашар бала агып кетти

Кечээ түнү Алай районунда «Lada 222140» үлгүсүндөгү унаа Мурдаш суусуна түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Машинанын ичинде айдоочу жана анын 6 жаштагы баласы болгон. Кишини жардамга келген күбөлөр куткарып калып, уулу агып кеткен.

Бүгүн анын сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version