Site icon Reporter.kg

Алайдагы дарыкана мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан дарыкана мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурда Саламаттык сактоо министрлигине таандык болгон аянты 455 чарчы метр болгон дарыкананын имараты жана ага тиешелүү 0,15 сотых жер мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен.

Бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада аталган имарат жер тилкеси менен мамлекеттин балансына ыктыярдуу түрдө кайтарылган.

Exit mobile version