Site icon Reporter.kg

Алайдагы памирлик кыргыздар жаңы кесиптерди үйрөнүштү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памирлик кыргыздардын үй-бүлөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Анын айтымында, аталган айылда 17 үй-бүлө жашайт.

«Мамлекет ар бир үй-бүлөгө бир саан уй жана жылкы, 10 баш кой берди. Райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча 16 жашка чейинки 36 бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алат. Мындан тышкары, ишке орноштуруу кызматы үй-бүлө мүчөлөрүнө кесиптик окуудан өтүүгө жардам берди, тактап айтканда 15 аял тигүүчүлүктү, 15 эркек айдоочулук кесипке окушту», — деди министрдин орун басары.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version