Site icon Reporter.kg

Алайдын Белекбаев айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош облусунун Алай районунда нөшөрлөгөн жаандан улам сел кирген турак үйлөрдүн короолорун тазалоого бүгүн, 23-июнь күнү саат 07:30да Алай райондук №68 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 15 куткаруучу тартылды.

ӨКМден маалымдашкандай, 21-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Белекбаев айыл өкмөтүнүн Терек айылында (Кызыл жана Алтын-Кен тилкелери) сел жүрүп, 45 турак үйдүн короо-сарайларын (анын ичинен 4 турак үйдүн жертөлөсүн каптаган), 3 социалдык объектилеринин (1 мектеп, балдар бакчасы, ФАП) короолорун кум шагыл аралаш сел суулары каптаган. Сопу-Коргон-Терек ички чарбалык жолунун 7 чакырымында 3 тилкеде сел калдыктарынан улам жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Ал эми 1 электр мамычасын сел агызып кетип, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган (ошол эле күнү электр жарыгы берилген). Ошондой эле, 2 даана унаа өтүүчү, 1 даана жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөр авариялык абалга келген жана 2 даана көпүрөгө кооптуулук жаралган. Алтын-Кен тилкесинде дамбанын 50м аралыгын Терек суусу жеп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.

22-июнь күнү Сопу-Коргон-Терек ички чарбалык жолу тазаланып, бир тараптуу ачылган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу тактоо, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Алай райондук Жарандык коргонуу башчысы-акимдин биринчи орун басарынын буйругунун негизинде Белекбаев айыл өкмөтүнө Өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version