Site icon Reporter.kg

Аламүдүндө автоунаа ала салып кетип 2 адам жабыркады, — сүрөт

Аламүдүн районунда автоунаа жолдон чыгып кетип, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  кечээ, 27-сентябрь күнү саат 07:00дөр чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айылында “Субару-Форестер” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин “Тез жардам” кызматкерлери жабыркаган адамдарды ооруканага алып кетишкен.

[su_image_carousel source=»media: 41972,41971″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

 

Exit mobile version