Site icon Reporter.kg

«Аламүдүн» базарынын жанындагы банктын филиалынан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектеги «Аламүдүн» базарынын жанында жайгашкан банктын филиалынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Жибек жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 101 кызматына саат 8:47де түшкөн.

Өрт саат 09:22де толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Exit mobile version