Аламүдүн суусуна 26 жаштагы келин агып кетти

Аламүдүн суусуна 26 жаштагы келин агып кетти

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 26 жаштагы аял сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык,  15-август күнү  Теплые Ключи эс алуу жайында 26 жаштагы аял Аламүдүн суусуна түшүп кеткен.  Аны издөөгө ӨКМдан 37 куткаруучу тартылып,  бирок издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. 

Бүгүн, 18-августта да издөө иштери улантылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай кырсыктардан алыс болуу үчүн жарандарды этият болууга чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>