Site icon Reporter.kg

Аламүдүн суусуна чөгүп кеткен 26 жаштагы кыз жарым айдан бери табыла элек

Чүйдүн Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз тушүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда 15-август күнү «Теплые ключи» эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 1994-жылы туулган кыз түшүп кеткен.

2-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнен жалпы 22 куткаруучу тартылган.

Бүгүн, 3-сентябрь күнү да издөө иштери улантылат.

Exit mobile version