Аламүдүндө 2 жигит көлмөгө чөгүп кетти

Аламүдүндө 2 жигит көлмөгө чөгүп кетти

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 2 адам чөгүп кетти.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-августта ГЭС-5 айылындагы көлмөгө 22 жаштагы 2 жигит чөгүп кеткен. Аларды издөөгө 10 куткаруучу тартылган. Кийин караңгы кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 24-августта улантылат. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>