Site icon Reporter.kg

Аламүдүндө акимдин орун басары пневмониядан каза болду

Чүй облусундагы Аламүдүн райондук администрациясынын башчысынын орун басары Айбек Кулубаев пневмониядан каза болду. Маалыматты райондук акимчиликтен тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кулубаев өпкөсү кагынып (пневмония) Токмок шаардык аймактык ооруканасында оор абалда дарыланып жаткан. Ал 3-июлда түштөн кийин көз жумган.

Айбек Кулубаев 1974-жылы туулган.

Белгилей кетсек, 3-июлда республикалык штаб соңку суткада пневмониядан 23 адам каза болгонун кабрлаган.

Exit mobile version