Аламүдүндө аялды сабап, автоунаасын тартып алган адам кармалды

Аламүдүндө аялды сабап, автоунаасын тартып алган адам кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 21 жаштагы аялды ур-токмокко алып, тоноп кеткен адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, окуя 12-мартта орун алган. Анда Аламүдүн районунун Октябрь айылынын 21 жаштагы тургуну С.Г. аттуу аялды түндө белгисиз адам эч себепсиз ур-токмокко алып, 5500 сом акчасын жана  «Деу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып из жашырган. 

Бул окуя боюнча издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 32 жаштагы М.Ф, аттуу жаран кармалган. 

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. 

Тэги: тоноо Чүй

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>